15-июнда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Жер-Yй айылынан сууга агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы учурда ал аялдын өздүгү такталып жатканын билдирди.
Аталган кооптуу аймактарда Тоң райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иш жүргүзүлүүдө.