Мыйзамсыз курал-жарактарды сактап жүргөндөр кармалышты

Мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган жарандар кармалышканын ИИМдин маалымат кызматынан 15-июнда билдиришти. Маалым болгондой, Кара-Суу РИИБинин милиция кызматкерлери Коргон айылынын 19 жаштагы тургунун кармашкан. Милиция кызматкерлери аны өздүк кароого алганда 16 мм калибрдүү ок атуучу курал табылган. Бул факт боюнча тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Мындан тышкары 14-июнда милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарындагы Амир-Темир кичи районунун 57 жаштагы С.М. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүү өздүк кароого алынып, ТОЗ-63 үлгүсүндөгү 16 мм калибрдүү ок атуучу курал табылган.

Ошондой эле Чүй ОИИББинин кызматкерлери 45 жаштагы С.Т. аттуу Сайлык айылынын тургунун кармашкан. Аны өздүк кароого алганда 16 мм калибрдүү ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМ мыйзамсыз курал сатуу, даярдап өткөрүү, сактоо, оңдоо, ташуу жана алып жүрүү, ошондой эле куралдын негизги бөлүгүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу заттарды орноткондор кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nasyrkg
2016-06-15 15:31:36
Азыр андай охотничый мылтыктар ар бир жаранда бар автомат гранат кармагансышат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан