Пакистанда өзү тандаган жигитке турмушка чыккандыгы үчүн 16 жаштагы Зинат Бибини өз энеси өрттөп жиберди.
Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, Зинат Биби энеси сунуштаган адамга турмушка чыкпай, өзү тандаган адамга турмушка чыккандыгы үчүн энеси ушундай жолго барган. Анын өлүмүнөн кийин Пакистандын муфтийи аялдардын эркин баш кошуусуна жол ачкан чечим чыгарды.
Жаңы чыгарылган чечимге ылайык, кыздар ата-энеси сунуштаган адамга турмушка чыкпай, өзү тандаган адамга турмушка чыгууга укуктуу.
Пакистандын муфтийи Саид Ризви: "Кыздар өзү каалаган адам менен турмуш курууга акылуу. Адам өлтүргөндөргө жаза колдонуу боюнча мыйзам долбоору даярдалышы керек. Каалаган адамына турмушка чыккан кыздарды өлтүрүү - сабатсыздык, ал тургай мындай кадамдар жапайычылыкка жатат", - деп айтты.
Пакистандын премьер-министри 16 жаштагы кыздын өлүмү боюнча иликтөө аракетин көрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, Пакистанда мындай көрүнүш адамдардын аң-сезиминде калыптанып калган. Мындай аракет аталган өлкөдө илгерки убактан бери сакталып келет. Өз тандоосу менен баш кошкон кыздарды жакындары өлтүрүшсө, алар үй-бүлө намысын коргошту деп саналат. Аталган аймакта буга чейин үй-бүлө намысын коргоп өлтүрүү кылмыш катары эсептелбей келген. Маалыматка ылайык, Пакистанда 2016-жылдын башынан бери 233 адам намыс үчүн өлтүрүлгөн.