Жөнөкөй жаранды себепсиз сабаган 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн 3 оперкызматкери көчөдө бараткан жаранды себепсиз сабап салгандыгы үчүн Кемин райондук прокуратурасы аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 15-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, райондук прокуратурага М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аны милиция кызматкерлери көчөдө себепсиз сабап салышканын билдирген. Алган жаракатынан улам ал Кемин шаарындагы ооруканага жаткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал сабоодон жеңил жаракат алганы аныкталган. Учурда тергөө иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur123456
2016-06-15 15:22:42
Кече министр айтып жатпады беле милициянын кемчилигин жазбагыла деп, калкка орой мамиле жасабайт калышат эми деп андай эч качан болбойт жолдош министр деп далилдеп койушуптур!
+4
munduz2016
2016-06-15 22:42:33
Буга чейин канча адамды зар какшатышкан экен э?
+2
nurik838383
2016-06-16 02:27:11
Бу мент Адам эмес ишенбесенер далилдеп коргуло
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан