Сокулук районунда "башка адамдын паспорту менен банктан ири суммадагы насыя алган" деген шек менен банк кызматкери кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда "башка адамдын паспорту менен банктан ири суммадагы насыя алган" деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районундагы банктардын биринин кызматкери жергиликтүү А.А. аттуу жарандын паспортун алдап алып, банктагы эрежелерди бузуп, жабырлануучунун атынан мыйзамсыз түрдө ири суммадагы насыя алган. Паспорт ээси анын атынан насыя алынганын билген эмес. Иликтөө иштеринин алкагында жасалма кол коюлган документтер табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан