Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы көпүрөнү Кара-Кужур суусу алып кетти (фото)

Нарын облусундагы Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылындагы көпүрөнү суу алып кетти. Бул тууралуу Кочкор районунун №42-Өрттөн сактоо-куткаруу кызматынын кызматкери Нурбек Шакиров SUPER.KG порталына билдирди.

"Кочкор-Нарын жолунун четин суу жеп баштаптыр. Жол кызматы менен биргеликте кум төгүлүп, тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө", - дейт кызматкер.

Маалыматка ылайык, Кара-Кужур суусунун деңгээли күндүн катуу ысып, тоо башындагы кардын эришине байланыштуу көтөрүлгөн.

Нарын. Сары-Булактагы көпүрөнү суу алып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Malik92
2016-06-15 18:37:52
Оо жараткан Аллахым озун Кыргызстанды жаратылыш кырсыктарынан сакта. Кыргыз элине ыйман-ынсап бер.
0
aidartegin
2016-06-15 18:56:36
Кара -Кужур суусу
0
Rashinboy
2016-06-15 19:56:22
aidartegin,админ , Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү канча болду, айтып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан