Баткен районунда сел кесепеттерин жоюу иштери башталды

Баткен районунда сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери башталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, 14-июнда саат 21:50 чамасында Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Кан, Сары-Талаа, Жаңырык айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолду алып кеткен. Натыйжада жол каттамы жабылган.

"Сугат суу жүрүүчү арыктар шагыл, кумга толуп калган. Мындан сырткары Кан айылында 2 турак үйдүн короосун ылай суу каптаган. Учурда сел кесепеттерин жоюуда министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев бардык аракеттерди көрүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан