Ошто күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка таянсак, жер титирөө бүгүн, 15-июнда саат 11:04 чамасында катталган. Анын очогу Чоргон айылынан түндүк-чыгышты карай 10, Кара-Кыр айылынан түндүк-батышты карай 12 чакырым, Кичи-Алай айылынан түндүк-чыгышты карай 16, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Анын күчү Кара-Кыр айылында 2,5 баллга, Чоргон айылында 2 баллга сезилген. ӨКМ алдын ала алынган маалыматтарга таянып, жабыр тарткандар жана каза болгондор жок экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos777
2016-06-15 16:45:21
Жараткан сактасын!
+1
Inna_91
2016-06-15 19:13:41
Аллах таалам сактасын кырсыктан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан