Ош облустук соту 4 грамм баңгизат менен кармалган жаранга 25 миң сом айып пул салды

Ош облустук соту 4 грамм баңгизат менен кармалган жаранга 25 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-февралында Кара-Суу районундагы базардан 4 грамм баңгизат менен А.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

"Буга чейин кармалган жарандын иши сотко өткөрүлүп, Кара-Суу райондук соту 20 миң сом айып салган. Айыпталуучу бул чечимге нааразычылыгын билдирип, Ош облустук сотуна кайрылган. Жыйынтыгында облустук сот Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуга 25 миң сом айып салды", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Beki092
2016-06-15 17:28:14
Мына сага биздин сот бангизат менен кармалса 25000 сом айып пул Сотторду ыраазы кылганго бул жаран

Жонокой жаран кармалса 5-10 жылга кесилмек

+3
keba300989
2016-06-15 17:29:42
Азыркы заманда жөөн эле жүрүш керек
0
tashi62
2016-06-15 17:36:41
жомок
+1
abusait
2016-06-15 17:58:28
0.5 грамм учун казакстан бир таанышымды 6 айга камап салды.
+1
JANAR
2016-06-15 18:01:06
Кытайда атып салмак
+1
nur123456
2016-06-15 18:27:31
25 мин штраф 25 чонтоко салды деп ачык эле жазгыла бул нерсе баарына белгилууда
+2
aikol87
2016-06-15 22:45:07
4гр бангизат учун 25мин айып пул салса,телефон урдаган учун 6жылга камаса бул кандай закон.
+2
Urmat-1989.
2016-06-16 00:06:38
25 мин айып пул
100минден ашыгы тиги сот,тергоочуго кетти да
0
mishonia8077
2016-06-16 01:21:09
Ии-ииий куйгузосунор да соттор,Кудай сактасын силердин колунарга тушкондон Кудай сактаа
0
nur123456
2016-06-16 16:41:38
Биздин сотторго орустардын " меч" деген сериялындагы балдар керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан