ЖКда экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган демилге талкууланды
Жогорку Кеңеште 4-мартта өкмөт сунуштаган “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, жалпыга маалымдоо каражаттары, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризм аракетин чагылдырган маалыматтарды табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.