Маалыматка ылайык, соттолуучу К.И. аттуу жаран 2015-жылдын октябрь айында Алай районунун Гүлчө айылындагы ресторандардын биринде 13 миң сомго бааланган уюлдук телефонду уурдап кеткен. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толук моюнуна алган. Ошол эле учурда келтирилген материалдык чыгым толугу менен ордуна коюлган.
Алай райондук соту үй-мүлкүн конфискациялап, күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу өкүм менен макул болбой, башка жеңил жаза берүүнү суранган.
Ош облустук соту соттук ишти карап, чыгымдын ордун толтургандыгын эске алып, жазасын 5 жылга кыскарткан. Ал эми өкүмдүн калган бөлүгүн өзгөрүүсүз калтырган.
Соттолуучу 1953-жылы туулган, буга чейин сот жообуна тартылган. Анын 7 баласы бар экени белгилүү болгон.