Бүгүн, 15-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин депутаттары дале жашоо шарттарын жакшыртуу менен алек. Мурунку 5-чакырылыштагы 3 депутат 2010-жылы көчүп кирген кызматтык батирлерин бүгүнкү күнгө чейин бошотуп бербей жатканын парламент жыйынында бүгүн спикер Чыныбай Турсунбеков айтып чыкты. Кимдер экендигин атаган жок. Кызматтык үйдөн чыкпай жаткан экс-депутаттар Абдулатип Режевалиев, Акылбек Султанов жана Эсенгул Исаков экенин SUPER.KG порталына парламенттеги жеке булактар тастыкташты. Бул адамдарды итке минген кедей деп айтуу кыйын. 2013-жылы парламентте кызматтык автоунаадан баш тартуу боюнча мыйзам долбоору сунушталганда Режевалиев каршы добуш берсе, Исаков менен Султанов добуш берүүгө катышкан эмес. Акылбек Султанов учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин жетектейт. Мурунку депутаттардын кийинкилерге кызматтык батирди бошотуп бербей создуктуруусу буга чейин да болуп келген.
Футбол сүйүүчүлөрүнүн назарында турган "Евро-2016" чемпиондугунун таасири Жогорку Кеңештин депутаттарына да тийүүдө. Парламент жыйынына футболдо гана колдонулган сары айып кагазы биринчи жолу депутатка карата көрсөтүлдү. “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировго “жыйында регламентти бузду” деп кесиптештери нааразы болушту. Спикер Чыныбай Турсунбеков: “Сынга кошулам, депутатка сары кагаз көрсөтүп коёюн”, - деп төрт чарчы кагазды өйдө көтөрдү.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таанууну кабыл алуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Долбоордо “Бишкекте турак жайы жок депутатка ыйгарым укуктары аяктагыча кызматтык батир берилет”, “депутаттын ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу иш сапарларында кызматтык автоунаа берилет”, “Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жүргүнчү ташуучу унаалардын бардык түрлөрүндө акысыз жүрүүгө укуктуу”, “Жогорку Кеңештин депутаты жана аны коштоп жүргөндөр мамлекеттик жана муниципалдык мейманканага кезексиз жайгашууга укуктуу” деген сыяктуу нормаларды күчүн жоготту деп таануу сунушталган эле. Спикерден эскертүү алган Сабиров ушул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болчу. Жогорку Кеңештин регламентинде “сары айып кагаз” деген түшүнүк жок, регламентти бузгандардын микрофонун өчүрүү, жыйын бүткүчө сөз бербей коюу чаралары каралган. Тамашалуу бул окуя Чыныбай Турсунбековдун юморго жакындыгын жана футболго кайдыгер эместигин көрсөттү.
Депутаттардын кызматтык батирден баш тартуусуна тийиштүү мыйзам долбоору кызуу талаш-тартыш менен талкууланды. Демилгечилер кызматтык үйлөрдөн баш тартып, аларды аукцион аркылуу сатыкка коюуну сунушташса, каршы чыккандар “келечекте парламентке жаштар келиши мүмкүн, аларга батир берүү ашыктык кылбайт” деген пикирлерин айтышты. 52 депутат макул болсо, 60 депутат каршы добуш беришип, мыйзам долбоору колдоо таппай калды. Демейде элге күйүмүш болуп жалындуу сүйлөгөн депутаттар маселе өздөрүнүн ыңгай-шартына келгенде убададан тайып кетишет. Жакында мамлекеттик кызматкерлердин той чыгымын чектөө демилгесине да көпчүлүгү каршы чыгышканы шайлоочулардын эсинде...
Өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу ишине старт берилди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдө өзүнө милдеттенмелерди алганын айтып, алардын бири эл аралык стандартка жооп берген лабораторияларды куруу экенин белгиледи. Өлкөнүн лабораториялык камсыздоо системи 2017-жылга чейин Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына толук жооп бериши керек. Долбоордун биринчи этабында 4 ветеринардык лаборатория куруу пландалууда. Бул үчүн 37,3 миллион сом жумшалат, премьер акча маселесин чечүүнү Каржы министрлигине тапшырды. Өкмөт жетекчиси Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигине чек арадагы 4 көзөмөлдөп өткөрүү пунктун жаңылоо милдетин жүктөп, мекеме башчысы Турдубек Мамбетов бул ишти 10 күндүн ичинде баштоо убадасын берди.
Мындай лабораториялар эчак курулуп башташы керек эле. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине 1 жылга чукулдап калганы менен, Казакстан өзүнүн чек арасынан ветеринардык көзөмөл кызматын албай жатат. Кыргыз мамлекетинде талапка ылайык лаборатория жоктугуна шылтап эт, сүт азыктарынан кооптонууда. Ал эми казактардын сүт азык продукциялары кыргыз өлкөсүнүн рыногунда кеңири сатылууда. Коңшулар быйыл кыргыз жеринде өстүрүлгөн картошканы да өз аймагына киргизбей коюшуп, маселени президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 31-майында Астанадагы иш сапарында чечип келди. Лабораториялардын курулушу менен коңшулардын чек арадагы чектөөлөрүн, анын ичинде ветеринардык текшерүүсүн алып салуу күтүлөт. Бул кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарынын Орусия, Казакстан, Армения жана Беларусь рыногуна чыгышына жол ачылат дегендик. Дыйкан-фермерлердин продукциясы ири рыноктон кардар тапса, ЕАЭСтен күткөн үмүттөр жандана баштамак. Жээнбеков премьер-министрликке жаңы дайындалганда эле лабораторияларды куруу иши кечиктирилип жатканын айткан эле. Мурунку премьер Темир Сариев 8 айда жасабаган иш 2 айдын ичинде ордунан жылды.