Кочкор районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Көк-Жар айылынын күн чыгыш тарабындагы Жоон-Арык суусунун нормадан көп келиши айылды тосуп турган дамбанын 3 метр жерин жырып, айылды суу каптоо коркунучу жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-июнда кабарлады.
"Айылдын баш жагындагы суу ташып кетүү коркунучу бар тилкеге ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмү тарабынан 200 даана кап бөлүнүп берилип, жээк бекемдөө иштерин аткаруу боюнча айыл аймак башчысына тапшырма коюлду. Жоон-Арык суусунун Кочкор-Чаек унаажолунун түндүк тарабындагы 12 түтүн сарайлар жайгашкан “Короцех” тилкесине кеткен ички жолдун жээктерин суу жырып, жолду жана айдоо аянттарын суу каптоо коркунучу жаралууда", - деп айтылат маалыматта.
Аталган участкада өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү кырсыктын алдын алуу жумуштарына жетекчилик кылып, уюштуруу иштерин алып барганы маалым болду.