Эрежесиз эр уруш боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугу өтөт. Ага Кыргызстан менен Казакстандын спортчулары таймаша тургандыгын КРнын Панкратион федерациясы билдирди. Спорттук иш-чара 5-6-апрель күндөрү борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Маалымдалгандай, буга чейин мындай мелдештер жабык түрдө өтүп келсе, быйыл ачык өтмөкчү.