КИНОЗАЛ: Самат Эркинбековдун тасма тартууга кызыгуусун ойготкон "До+Фа" тасмасын кайталап көргүңүз келсе МЕДИА ПОРТАЛГА баш багыңыз

2013-жылы жарыкка чыккан "До+Фа" тасмасы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун ийгиликтүү тартылган тасмаларынын бири болуп эсептелинет. Анда башкы каармандардын образын ырчы Чолпонай, "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу жараткан.

Самат Эркинбек уулу аткарган ролу тууралуу мындай дейт:

"Эрнест агай "Тамашоудо" мени көптөн бери байкап жүрсө керек. Анда мен орусча билбеген баланын образын жаратат эмесминби. Андыктан "До+Фа" тасмасындагы образым мага ылайыкталып жазылгандай болуптур. Негизи эле тасмадагы көп актёрлор өздөрүнө окшогон каармандардын образдарын жаратышып, баары берилүү менен ойноп жатышты. Балким, тасманын ийгилиги да ошондо болсо керек.

Режиссёр менен иштешүү аябай жеңил болду. Агайдын профессионалдуулугу баарына таасир берип, көп нерсени үйрөттү. Ошондон кийин мен да тасма тартууга кызыга баштадым. Азыр тасманы көргөндө кээ бир жерлерин башкачараак ойносом болмок экен деп калам.

Ырчы Чолпонай тасмада эрке кыздын ролун жаратканы менен, жашоодо жөнөкөй кыз экен. Бат эле тил табышып кеттик. "Ак шооладан" тарбияланган таланттуу кыз эмеспи, ал да өзүнө берилген тапшырманы так аткарып, жасаган ишине абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасап жатты. Профессионал актриса болбосо да, ошол деңгээлге жеткире ролун аткарды деп ойлойм".

"До+Фа" тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlan15
2016-06-16 15:18:25
Э койгула, ушул дагы тасмабы! Чолпонайдын : Мен кыргызчаны чуйлогонго аракет киламын ! Деп , 5 класстын ой жугуртуусуно жараша!
+4
Urmat_83
2016-06-16 15:43:40
Сага окшогондор кызыгып кино старта берип,кинонун баркы кетти.Эч кимдин кыргызча кино коргусу келбей калды.Олуп кетсин начар болуп калса дагы атын бир жакшыраак койгулачы
+5
Palan4a
2016-06-17 08:33:09
Эми катардагы одноразовый кинолорду толуктабай эле койбойбу?! Кинонун баркын кетирбей!
+3
nazira...
2021-01-22 22:03:55
Тартпай эле роль аткарып эле жүрчү кагылайын. И так эле сапаты жок кинолор көбөйүп кетти.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан