Кара-Балта шаарында 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Ысык-Көл облусунун И.М. аттуу тургуну 2014-жылдын 8-августунда таңкы саат 04:00 чамасында мас абалында 2006-жылы туулган С.А. аттуу кызды уктап жаткан жеринен зордуктоого аракет жасаган.
Зордуктоо аракетин жасаган айыпталуучунун ишин Жайыл райондук соту карап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары жазасын күчөтүлгөн тартипте, түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Айыпталуучу өкүм менен макул болбой Чүй облустук сотуна кайрылган. Ал эми Чүй облустук соту Жайыл райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.