Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды

Чүй облусунда "унаа уурдады" деп шектелип Кара-Балта шаарынын тургуну кармалды. ИИМдин маалыматына таянсак, 15-июнда Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 59 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кайрылып, Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам унаа оңдоочу жайдан уурдап кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы Н.Р. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан