Борбор шаарда мыйзамсыз орун алган 24 курулуш бузулду
Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу
департаменти тарабынан борбордун Чортеков көчөсүндөгү мыйзамсыз орун алган 24 курулуш бузулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде мэриянын
басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 14 тосмо, 4 чарбалык
курулуш, 6 убактылуу жашоочу үй бузулду.