Бишкек шаарында операция жасоо үчүн 18 миң сом пара алып жаткан дарыгер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнда шаар тургуну дарыгердин акча талап кылып жатканы тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Октябрь районунун прокуратурасы биргеликте ыкчам иликтөө аракетин жүргүзүп, дарыгерди 18 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.