Таласта "100 миң сомго бааланган жылкыны уурдады" деп шектелип кармалган жаран 11 жылга эркинен ажыратылды

"Таласта 100 миң сомго бааланган жылкыны уурдады" деп шектелип кармалган жаран 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү М.Р. аттуу жаран "2015-жылдын 18-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында А.Н. аттуу жабырлануучунун базар баасында 100 миң сомго бааланган жылкысын уурдап кеткен" деп шектелип кармалган. Маалым болгондой, келтирилген зыян тергөө учурунда ээсине төлөнүп берилген. Мындан тышкары шектүүнүн жанынан 55,9 грамм салмактагы баңгизат табылган.

Кара-Буура райондук соту бирөөнүн мүлкүн уурдап кеткендигин аныктап, күнөөлүү деп тапкан. Жыйынтыгында кылмышка шектүү 11 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bek040295
2016-06-16 16:46:27
Соттор 100мин сом менен 100мин доллардын айырмасын билбей калышканбы
100мин сомдук ат уурдаган адам 11 жылга
100мин доллар талап кылып алган Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган анында соту буткучо эле коркмазовдун срогу бутуп койо берип койду акыйкатты микроскоп менен издесенда таппайсында кыскасы!
+17
Jooshbai
2016-06-16 17:01:56
ui mulkun albai ele koiboibu.bala 4akasy bolso jawap turuwmak da . emi atasynyn kylmywy u4un baldary da kyinalaby
+11
BarsBaatyr
2016-06-16 17:02:57
Мына сага акыйкаттык...Атамбаев,Текебаевдердин эмгегинин үзүрү.Шайлоолордо дагы сатылгыла,мындан дагы жаманын коробуз али
+10
Oleg86
2016-06-16 17:11:34
Эмне деген олко болуп баратабыз. Миллиондогон акчадарды уурдаган 1 2 жылга же болбосо актап жиберет. Кайда болбосун оздору чыгарган мыйзам болгону карапайым эл учун иштейт. Бир карап отуруп тен укуктуклук жок олконун жараны болгону окуносун. Бирок Кыргызстандын кооздугун коруп унутуп каласын.
+6
33SUUN
2016-06-16 17:20:27
Oleg86,кооздугуна кобуроок суктанып,жайлоолорду кыдырып корчу?Сенида камап салышат,шпион бир нерсени пландап журот деп.
+8
Malik92
2016-06-16 19:03:06
Бул бийлик элди жок кылып буто турган болду. Кечээ жакында эле Ош облусунун Алай райондук соту 13000 сомдук телефон уурдаган 55 жаштагы кишини 6-жылга эркинен ажыратып, уй мулкун конфискациялаган болчу. Бул мыйзам карапайым калкка гана иштейт.
+4
KaiMak
2016-06-16 19:43:22
Malik92,сизге кошуламын
+3
ss90
2016-06-16 22:14:47
ак жерден соттолуп турмодо отургандардын убалы уктатпасын ошол окумду чыгаргандарды!!!
+3
Jora1704
2016-06-16 23:00:33
Адам олтуруп 2-3 жыл отуруп чыгып кетишип жатат, ат уурдады деп 11 жыл коптук кылбайбы
+2
ROZA-87
2016-06-17 15:23:33
Бизде эч качан соттор иштебейт.Ат уурдаганы учун 11 жыл дейтко акмактар. Не деген шумдук. Бизде акыйкат жок. 3 мурун уй(дом) сатып алганбыз кызыл китеби менен ичиндеги квартиранттар чыкпайт. Чыгарып бергиле деп арыз жазсак 3 жылдан бери бизди судурошот. Тим эле койгула анда озубуз аракет кылабыз десек да улам жылдырып суруп келе жатышат. Кыргызстандагы сотторго ишенбеш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан