Президент Япониянын элчиси Такаюки Коикэни анын дипломаттык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июнда Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Такаюки Коикэни анын дипломаттык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргыз Республикасында жемиштүү иши үчүн элчиге ыраазылыгын айтып, кыргыз-япон алакаларын өнүктүрүүгө жана ар башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга анын жеке салымын белгиледи.

Такаюки Коикэ соңку жылдары эки өлкө ортосундагы алака-катыштар жогорку деңгээлге чыкканын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапар алышуу эки тараптуу кыргыз-япон мамилелерине жана биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташтыкты жандардырууга кошумча импульс бергенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Такаюки Коикэге жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, Япония императору Акихито менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге саламын жана жакшы тилектерин жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан