Дубай-Ош-Дубай жаңы аба каттамы ачылат. Эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, бул эл аралык аба каттамды "Flydubai" авиакомпаниясынын учактары
тейлейт. Белгилүү болгондой, аталган каттамдын биринчи сапары 24-апрелде болуп, Boeing
738-800 учагы Дубайдан Кыргызстанга сапар алат. Жүргүнчүлөрдү тейлөө аптасына 2 жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.