Тоң районундагы Ала-Баш айылын суу каптап жатканын 17-июнда SUPER.KG'ге аталган айылдын тургуну Жаныбек Бокоев билдирди. Айыл тургуну селдин кесепеттерин жоюуга эч кандай аракеттер көрүлбөгөнүнө тынчсызданып жатканын кошумчалады.
"Айылдын жанынан сай өтөт. Түнү менен суунун нугу айылга бурулуп, айылдын төмөнкү тарабын суу каптап кетти. Биздин айылдан төмөн турган Кызыл-Туу айылын да суу каптап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары ошол жакта иш алып барып жатышыптыр. ӨКМга байланышсак "барабыз" деп коюп эле келбей жатышат", - деди Бокоев.