Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагылышып, эки адам жаракат алды (фото)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында 16-июнь күнү саат 20:00 чамасында Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү жана Тойота Секвойя үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Жыйынтыгында эки унаадан бирден адам жабыркап, унаалар жараксыз абалга келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жол четине чыгып кеткен унааларды эвакуаторго жүктөөдө ошол аймакта кызматтык иш сапарында жүрүшкөн ӨКМнын кызматкерлери жардам беришти. Жол кырсыгынын себептери жана жабыркагандардын аты-жөнү тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg_boy__91
2016-06-17 11:35:45
Бир кундо ушул эле жолдо 2 оор ДТП
0
salamnurik
2016-06-17 19:27:54
Эки машина тен сол рулдуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан