Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа оодарылып кетти

16-июнда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 154-чакырымында Бишкек шаарын көздөй жолго чыккан Мазда Демио үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жогорку ылдамдыкта келе жатып рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

Унаада айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Кырсыктан 1 адам оор жаракат, 1 адам орто жаракат алган. Айдоочу коопсуздук курун тагынгандыктан жаракат алган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери абалды жөнгө салышып жана кырсыкка кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми жаракат алган 2 жаран Кочкор райондук ооруканасына жолдо бараткан унаалардын бири менен жеткирилди. Жол кырсыгынын себептери жана жабыркагандардын аты-жөнү тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg_boy__91
2016-06-17 11:30:07
Кудай сактасын озуно караш керек да
+1
cholpon20000
2016-06-17 14:35:35
катуу айдасан деле жайыраак айдасан деле жетесин да жетчу жерге, бироо аркасынан кууп келаткандай эле айдашат, озунорду ойлобосонор да жанынарда кетип бараткандарды ойлогула
+1
new_hacker
2016-06-17 23:45:06
жаман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан