Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана АКШ ортосундагы кызматташуу келечеги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, республикадагы парламенттик башкарууну өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу орун алды.
Шейла Гуолтни билдиргендей, Кыргыз Республикасы демократияны өнүктүрүүдө сезилерлик жыйынтыктарга жетишти. Анын көрүнүктүү далили катары ал Кыргыз Республикасында 2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорду атады. Эл аралык уюмдар тарабынан ага оңдуу баа берилип, шайлоо ачык-айкын өткөндүгү белгиленди.