Ош шаарында 77 жаштагы аксакалдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. ИИМдин 17-июнда берген маалыматына таянсак, кечээ саат 16:30 чамасында Ош ОИИБине Түштүк кичи районунда улгайган аксакалдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жайга ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жарандын көкүрөк тушуна бир нече ирет бычак сайылып каза болгонун көргөн. Ал Ош шаарынын 1939-жылы туулган У.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Тиешелүү материалдар чогултулуп, "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары каза болгон жарандын 1977-жылы туулган У.Ш. аттуу баласы кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү атасы менен уруша кетип, атасынын ичине бычак сайып жиберген. Натыйжада атасы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.