Бүгүн, 4-апрелде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабында автоматташтырылган чек ара көзөмөл тутумунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага аталган кызматтын төрагасы Токон Мамытов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ катышты. “Кыргызстандагы чек араларды башкаруу тутумун автоматташтыруу” долбоору Япония өкмөтү тарабынан каржыланып, ага 1,5 миллион доллар бөлүнгөн. Жаңы долбоор КРнын чек арасын кесип өтө турган атуулдар тууралуу маалымат базасын түзүүгө, анын ичинде паспорттогу жана чек араны кесип өтүп жаткан кезиндеги атуулдун тартылып алынган сүрөтүн, документтерин салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Жакынкы аралыкта автоматташтырылган тутум 15 эл аралык көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жана Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда орнотулмакчы.