Баткен облусунда жардыруучу заттар менен эл аралык террористтердин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан Рахат Сулайманов билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда терроризмге шектелип кармалган жарандардын жанынан өз алдынча жасалган жардыруучу заттар, ок атуучу курал, диний экстремизмге үндөгөн китептер жана бет кап табылган.
"Терроризмге шектелип кармалган 3 адам Баткен облусунун тургундары. Алар террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы согушка катышкандыгы маалым болду", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Кармалган жарандар Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.