Парламенттин 16-июндагы жыйынында депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Дастан Жумабеков жолдорду куруу жана реконструкциялоо жаатындагы тендерлердин өткөрүлүшү боюнча маселе көтөрүшкөн. Бул маселе боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды.
Дастан Жумабеков премьер-министрге Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал билдиргендей, аталган тендерде 70 миллион долларга билдирме берген кытайлык компания жеңип чыккан, ошол эле учурда жогоркудан аз сумманы, же 54 миллион долларга иш аткарууну сунуштаган түрк компаниясы утулуп калган.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош-Баткен-Исфана жолунун начар сапатын белгилесе, депутат Таалайбек Масабиров Төө-Ашуудан ылдый түшкөн Бишкек-Ош жолунун абалына көңүл бурду.
Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоого тендердин өткөрүлүшү боюнча тактоо киргизди. Ал белгилегендей, 15-июнда тендердик комиссия тарабынан талапкерлердин финансылык сунуштары ачылып, бүгүнкү күндө жеңүүчү аныктала элек.
Замирбек Айдаровдун маалыматына ылайык, министрлик тараптан аталган тилкени реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруучу жалданма компанияны тандоо процесси жүрүүдө.
Азия өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык, аталган долбоордун донору келерки жылдын 17-майына чейин техникалык баалоо боюнча сунуштарын берүүгө тийиш.
Азия өнүктүрүү банкынын арыз берген компаниялар боюнча каты 2016-жылдын 10-июнунда келген. Анда тендерге катышкан 16 компаниянын алтоо Азия өнүктүрүү банкынын талаптарына жооп берген эмес, дагы бирөө алардын "кара тизмесинде" болуп чыкты. Калган 9 талапкер компаниянын арызы кабыл алынган.
54 миллион доллар сунуштаган түркиялык компания тендерге катышууда талап кылынуучу сумманын банктык кепилдик документин көрсөткөн эмес.
Белгилей кетсек, калган компаниялардын баары өздөрүнүн арызында көрсөтүлгөн 1,8 миллион доллар боюнча банктын камсыздоо документтерин көрсөткөн. Бул катышуучулардын финансылык өз алдынчалуулугун далилдейт. Тендердеги талапка ылайык жеңүүчү деп табылган компания буйрук берүүчү тарап менен келишим түзгөндөн баш тартса, банктын кепилдик суммасы кайтарылбайт жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин пайдасына кармалып калат.
Министр Айдаров Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат ашуусундагы жолдун сапатына тийиштүү маселеге токтолуп, аталган жолдун тилкеси мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алына электигин билдирди. 2016-жылдын 15-июлуна чейин жолдун сапаты боюнча иштер улантылат. Бардык кемчиликтер ортомчу компаниянын эсебинен бүткөрүлөт. 2015-жылы кайра оңдоо ишитери эки участкада жүргүзүлсө, быйылкы жылы бул иш кайрадан улантылат.
Министр Замирбек Айдаров премьер-министрдин тапшырмасынын аткарылышы боюнча маалымат берип, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу аймагындагы жаракаларды оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бүгүнкү күндө ашуунун 9-146-чакырымына чейинки тилкесинде оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айдаровго өлкөдөгү жолдорду салууга жана реконструкциялоого, анын ичинде Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоого байланыштуу жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Өкмөт башчы тийиштүү министрлик жетекчилигине жол-транспорт жана коммуникация тармагын жакшыртуу боюнча долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылуусу боюнча жеке жоопкерчилик артыларын баса белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.