Бишкекте 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 35 жаштагы Нигора Сулейманова аттуу жаран изделүүдө. Свердлов РИИБинен кабарлашкандай, ал Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн 6-июнда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Боюнун узундугу 160 сантиметр, кара чач, кара көз. Үстүнкү 4 же 5 тиши сары металлдан жасалган. Ошондой эле оң бутунда меңи бар. Үйдөн ак сызыктары бар кара көйнөк, кара шым, кара туфли кийип чыгып кеткен.
Эгерде аны көргөн-билгендер болсо, 0700 90-56-11, 0701 41-15-09, 0557 20-12-68, 0550 10-28-72, 0709 24-24-83 номурларына кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.