Бишкекте 6 жолу сот жообуна тартылган адам "кайрадан кылмыш жасады" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын З.К. аттуу тургуну 5-майда арыз менен кайрылып, кымбат баадагы телефонун жана 7 миң сом акчасын уурдатканын айткан. Ыкчам иликтөө аракеттеринин алкагында 28 жаштагы, мурда 6 жолу соттолгон З.Д. аттуу жаран кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.