Төрөбай Зулпукаров насыялар менен гранттык каражаттарды алууда эл аралык консультанттарга өтө көп өлчөмдө каражат бөлүнүп жатканын айтты

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын 17-июндагы жыйынында "Кыргыз Республикасы менен "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча көп тараптуу трасстык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда жактырылды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк аталган долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына 38 миллион доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлөт. Анын ичинен 3,6 миллион доллар аялдар менен балдар үчүн витаминделген ун сатып алуу багытында жумшалмакчы.

Гранттык каражат үч багытта жумшала турганы белгилүү болду: сугат каналдарын калыбына келтирүү, суу тармагын башкаруу, аялдар менен балдарды сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуу.

Талкуу жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттарды алууда эл аралык консультанттарга өтө көп өлчөмдө каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. "Мисалы, азыркы келишимде консультанттар үчүн жалпы гранттын 10 пайызга жакыны же 3,5 миллион доллар каралыптыр. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул маселенин башын ачып алуу керек", - дейт ал.

Ал эми фракция жетекчиси Иса Өмүркулов өкмөт өкүлдөрүнө эл аралык келишимдердин англис, орус, кыргыз тилиндеги варинттарынын котормолору дал келбей жатканын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан