Бүгүн, 17-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 2-турунда Швеция-Италия беттеши орун алды. "Е" тайпасындагы оюн 1:0 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду оюндун 87-мүнөтүндө Эдер киргизди.
Швеция курамасы демилгени колго алууга аракет кылып, алгачкы мүнөттөрдө атаандашты коргонуусунан чыгарбай басып туруу аракетин көрдү. Бирок Италия сыяктуу коргонуудан ыкчам чабуул уюштурган команда менен ойноодо өтө ыңгайсыздык жараларын Златан Ибрагимович баштаган Швециянын футболчулары жакшы билишет. Жыйынтыгында Швеция каршы чабуулдан "сезгенип", оюнду жарым талаада өткөрүүгө аракет кылды.
Алгач кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү өтө аз түзүштү. Мисалы, 1-таймда дарбазага 1 гана таамай сокку багытталды. Көптөн күткөн эсеп 87-мүнөттө ачылды. Кьеллини "аутка" кеткен топту оюнга киргизип, топ үчүн күрөштө Пароло башы менен Эдерге пас бергенге жетишти. 4 коргоочунун курчоосунда калганы менен Эдер бул чабуулду гол менен жыйынтыктай алды.
Жыйынтыгында Италия курамасы 2 оюн катары менен жеңишке жетишип, упайларынын санын 6га жеткирди. Команда плей-офф баскычына бериле турган жолдомону камсыздай алды. Швециянын тагдыры кийинки оюнда чечилет.