Казакстанда кар туткунунан 54 кыргыз жараны куткарылды
Казакстандын Акмолинск облусунда кардын туткунунда калган кыргыз жарандары куткарылды. Бул тууралуу "Интерфакс-Казакстан" маалымат агенттиги жазып чыкты. Окуя Астана-Петропавловск автожолунда болуп, катуу кар жаап, кыргыз жарандары отурган автобус жолдо тыгылып калган. Натыйжада куткаруучулар келип, жүргүнчүлөрдүн баарын кар туткунунан аман-эсен алып чыгышкан. Жалпысынан Орусиядан мекенине кайтып келаткан 54 кыргыз жараны эвакуацияланган. Аталган жолдо автобустан тышкары дагы ондогон автоунаалар тыгында калганы, куткаруу иштери уланып жатканы маалым болду.