Токтогулда сууга түшүп кеткен унаанын дагы бир жүргүнчүсүнүн жансыз денеси табылды

13-июнь күнү саат 22:00 чамасында Токтогул районундагы Толук айылында Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Толук суусуна кулап кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 жүргүнчү болгон. Суудан унаа ичиндеги 2 адам өз алдынча чыгып кетип, калган 3 адам чыга албай калып каза болушкан. 2 жүргүнчүнүн жансыз денеси табылып, 1 жүргүнчү изделип жаткан эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылганын 18-июнда кабарлады. Ал 1982-жылы туулган Кожобек уулу Болот, маркум укук коргоо кызматкерлери тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elime
2016-06-18 10:30:16
Кырсык каш кабактын ортосунда деген чын да.Каза болгондордун жакындарына конул айтабыз.Жаратканканым бейиштен оорун берсин!
+5
munduz2016
2016-06-18 11:29:59
Аллах бир туугандарына жана уй булосуно сабыр берсин...Жаткан жери жайлуу болсун.
+5
aktivist0707
2016-06-18 11:31:14
эй Аллах калган экоо табыла элекпи дагы эле
0
Tatyna.
2016-06-18 12:22:04
aktivist0707, 2оосу табылып, дагы бир изделип атканы эми табылыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан