Өзгөчө кырдаалдар министри сел коркунучу бар аймактар көзөмөлдө экенин билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Министр учурда өлкөдө кырдаал стабилдүү экенин, сел коркунучу бар аймактар көзөмөлгө алынганын айтты. Министрликтин маалыматына таянсак, азыркы учурда Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында алдын алуу жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Боронов жергиликтүү тургундардын кооптуу аймактарды калыбына келтирүү аракеттерине активдүү катышып жатканын белгиледи. “Жергиликтүү тургундар түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алышып, алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерине активдүү кирише баштады, жардам беришүүдө”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakyi
2016-06-18 15:52:34
Ен негизгиси Жараткан менен мамилени ондосок Жараткан озу еле козомолдоп коймок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан