Евро-2016: Бүгүн Португалия курамасы Австрия менен, Бельгия курамасы Ирландия менен беттешет (анонс)

Бүгүн, 18-июнда Франциядагы Европа чемпиондугунда 2-тур оюндары жыйынтыкталат. Жыйынтыктоочу оюндар "E" жана "F" тайпаларында орун алмакчы.

Бул күнү 1-турда Италияга уттуруп жиберген Бельгия курамасы Ирландия менен беттешип, алгачкы упайларына ээ болуу аракетин көрөт. Ал эми "F" тайпасында башта тайпадагы эң күчтүү курамалар деп эсептелинген Австрия курамасы менен Португалия беттешет. Күйөрмандар 3 упай үчүн кыл чайнашкан тирешти дал ушул оюнда көрмөкчү. Себеби Португалия курамасы алгачкы оюнунда Исландия менен тең ойноп (1:1 эсебинде), 1 гана упайга ээ болгон. Ал эми Австрия демилгени колго алып, канчалык жан үрөгөнүнө карабай Венгрияга жеңилген (2:0 эсебинде).

Ошондой эле алгачкы беттеште тайпадагы фавориттерден упай алып алган Венгрия жана Исландия курамасы кезектеги упайларга ээ болуу үчүн майданга чыгышат.

"E" тайпасы, 2-тур

БЕЛЬГИЯ-ИРЛАНДИЯ
Бордо шаары. "Стад-де-Бордо" стадиону
Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)
Башталышы: 19:00 (Бишкек сааты боюнча)

"F" тайпасы, 2-тур

ИСЛАНДИЯ-ВЕНГРИЯ
Марсель шаары. "Велодром" стадиону
Калыс: Сергей Карасев (Орусия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

"F" тайпасы, 2-й тур.

ПОРТУГАЛИЯ-АВСТРИЯ

Париж шаары. "Парк де Пренс" стадиону
Калыс: Никола Риццоли (Италия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
KaiMak
2016-06-18 13:53:41
базара нет... Германия же Франция чемпион болот
-3
KaiMak
2016-06-18 14:01:17
Роналдонун созу жакпады да. Биз утушубуз керек эле бирок алар защитага жатып алыштыы деген. Бугун да коккус ута албай же тен чыгып калса суйлойт да жамандап. Сасык ооздон сасык соз чыгат.
-10
aidana96
2016-06-18 15:40:46
KaiMak,Al ozu bilet da ne dep aitkandy,Ronaldo lu4wiy igrok, birin4i any syndap jazgan4a, ozun birin4i Ronaldonun darajasyna jetip al..
+7
azamat.k
2016-06-18 15:53:42
aidana96,жаман эле кызгандынго Рональдону. Туура эмес суйлосо туура эмес дейби?
-1
USSRKG
2016-06-18 19:15:14
aidana96,эмии биз роналдодой боло албайбыз бирок.Роналдо эле дейсин анын колунан эч нерсе келбей эле тантырай берет экен.исландия биз мн тен ойноп евро 2016 уткандай суйунуштуу дейт ошол дагы созбу.андай экен утбайбы,гол уралбай ичи куйуп суйлор созунда билбейт экен.
-1
Jooshbai
2016-06-18 14:10:42
bugun ronaldo 2 rekord koiuwu mumkun imiw
0
adisum
2016-06-18 16:00:52
Jooshbai,эмне деген рекорд..?
0
Aduk_aksuu
2016-06-18 14:28:51
Италия жеңет
+3
ruslankg
2016-06-18 14:56:42
Бугун португалия ири эсепте жениши мумкун тушумдо кордум.)))
+4
Futuro
2016-06-18 14:58:08
Кыскасы Кыргызстан түшкү футболду бир саатка кеч көрүп атасыңар!
-3
Ersu
2016-06-18 15:18:56
Португалиянын оюнун эртерээк эле берсе болмок
+3
azamat.k
2016-06-18 15:56:03
Белгия-Ирландия = 1:0
Исландия-Венгрия = 2:1
Португалия-Австрия = 2:0
-3
Eko
2016-06-18 16:11:57
эмне эле Роналдуну жамандай бересинер. алда биз катары эле адамда кам сут эмген. жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт деген соз бар эмеспи. ийгилик баарынарга
+1
Futuro
2016-06-18 17:18:52
Бизде 14:00дө башталчу футболду силерде 19:00дө көргөзүп атат. Айырма беш саат болуп кетти. Негизи төрт эле саат алдыда Кыргызстан. Бир саат кеч көргөзөт.
0
Aduk_aksuu
2016-06-18 17:23:10
Futuro,мен кыргызстанда Матч тв дан кором прямой эфир алып корсототко,не же ал да бир саат кийин корсотобу ал россиянын федералдык каналыго
0
Futuro
2016-06-18 18:04:47
Aduk_aksuu,Туура эле экен. Бул жакта саат экиде түз эфир көргөзүп баштайт экен. Даярданып кийинип чечингенинен өйдө. Ошого бир саат эрте башталат экен.
-1
tashi62
2016-06-18 18:06:39
Кечки Емельяненко жөнүндө сүйлөгүлө
-1
USSRKG
2016-06-18 19:15:49
Месси мужик
+1
azamat.k
2016-06-18 20:17:57
Белгия айрып жатат 2гол уже
0
sezim_osmonalieva111
2016-06-18 20:21:11
azamat.k,оа Витсель(6 номер)киргизди.Бирок Ирландия ээми ойношуп чемпионатка чыгып калышты эле)Бельгия го кучтуу команда
0
azamat.k
2016-06-18 20:28:47
sezim_osmonalieva111,футболду жакшы корот окшойсун ээ?))
0
sezim_osmonalieva111
2016-06-18 20:46:09
azamat.k,оа аябай)Кобуно жат корунушу мумкун,но мага жагат,вообще да)
0
azamat.k
2016-06-18 20:51:59
sezim_osmonalieva111менимче нормально эле корунуш карындаш,
0
sezim_osmonalieva111
2016-06-18 20:27:33
Уже 3гол..Лукаку!
0
azamat.k
2016-06-18 20:27:46
3чу гол белгиянын. ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан