Cузак районунда "10 жашар баланы зордуктап жүргөн" деп шектелип 58 жаштагы жаран кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 18-июнда милицияга жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. Апасы айылдагы мечиттин имамы жаш баланы 2016-жылдын май айынан бери зордуктап жүргөнүн айтууда. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин негизинде териштирүү иштери жүрүүдө. Шектүү жаран Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.