Ооганстандын Кабул шаарында бүгүн, 20-июнда эртең менен кичи автобус жарылып, анын кесепетинен 14 адам каза болуп, кеминде 8 адам жаракат алды. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, алар Канаданын элчилигин кайтарууга бара жаткан непалдык күзөтчүлөр болгон. Учурда жарылуунун себептери аныкталууда. Ооган бийлиги жардырууну уюштурууга "Талибан" кыймылын күнөөлөп жатат.