Чүй облусунун Сосновка айылынан 1700 грамм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Сосновка айылынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын айдоочусу 31 жаштагы Токтогул районунун Д.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Шектелген унааны текшерүү учурунда 1700 грамм баңгизаты табылган. Бирок айдоочу табылган баңгизаты "жүргүнчүгө таандык" деп көрсөтмө берген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.