Ысык-Көл облусунун Түп районунда сууга чөккөн 12 жашар баланын жансыз денеси 9 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына баланын атасы Мирлан Иманалиев бүгүн, 20-июнда билдирди.
"Куткаруучулар аны Түп суусунан 9-июндан бери издеп жатышкан болчу. Уулум Бактыярдын сөөгү табылганына 2 күн болду. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жардам көрсөтүштү. Алар 9 күн тынбай издешти. Эки уулум бар, бул экинчиси болчу. Ойноп жүргөн жеринен сууга чөгүп кетиптир", - дейт уулун жоготкон Мирлан Иманалиев.
Эскерте кетсек, издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар бөлүмүнөн, милиция кызматкерлеринен жана жергиликтүү тургундардан болуп 145 адам тартылган.