Өлкө аймагындагы эс алуу бактарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Бакировдун айтымында, республика боюнча 535 гектар сейил бак аймагы бар. Алардын 10 пайызы гана ижарага берилген. Калганы ижарага берилбей, өзүн өзү актабай келет. Натыйжада сейил бак аймактары жакшы каралбай калган.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу "эс алуу жана маданий сейил бактардын жер тилкесинин инвестициялык ижарасы" деген түшүнүк киргизилип, эс алуу бактарына капиталдык курулуш куруу жана ижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленген. Балдар ойноп, көңүл ачуучу, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга же 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, сынактык ижарага берүү мүмкүндүгү сунушталган.

Жыйынга чакырылган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Расул Артыкбаев "мыйзамга эс алуу бактарына ар кандай капиталдык курулушка тыюу салынары так жазылса" деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан