"Жаңы муун" волейбол клубу өз тарыхында алгачкы жолу өлкө чемпиону аталды

"Жаңы муун" волейбол клубу (Ысык-Көл) өз тарыхында алгачкы жолу өлкө чемпиону аталды. КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, жыйынтыктоочу 4-тур оюндары 15-17-июнь аралыгында Бишкек шаарында өттү.

Өлкөнүн учурдагы чемпиону "Ош бажы" клубу жана "Дархан ОшТУ" клубу 4-турга катышкан жок. Андыктан алардын ар бир оюнуна 3:0 эсебиндеги техникалык жеңилүү жазылды.

2-орунду "Улуттук гвардия" командасы багынтса, "Салам-Алик" клубу 3-орунду ээледи.

4-тур оюндарынын жыйынтыгы:

15-июнь

"Салам-Алик"-"Улуттук гвардия" - 1:3 (25-12, 23-25, 23-25, 21-25)
"Жаңы муун"-"Жети-Суу" - 3:0 (25-19, 30-28, 25-14)

16-июнь

"Салам-Алик"-"Жети-Суу" - 3:1 (25-19, 15-25, 25-23, 29-27)
"Жаңы муун"-"Улуттук гвардия" - 3:2 (16-25, 17-25, 28-26, 25-23, 15-7)

17-июнь

"Жети-Суу"-"Улуттук гвардия" - 2:3 (15-25, 25-21, 25-19, 20-25, 13-15)
"Салам-Алик" - "Жаңы муун" - 2:3 (21-25, 25-20, 21-25, 25-21, 10-15)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
akyn-jurogu
2016-06-20 17:59:52
Ммм. жакшы экен...
0
sagyn01
2016-06-20 18:06:14
Жон эле бажы эмес ОШ БАЖЫ, катышпаганы чатак болуптур, катышканда кайра оздору болмок, себеби ото кучтуу команда
-3
bekos2012
2016-06-20 18:08:59
Оштуктар бекеринен катышпаган жок, мафия да бул жерде да
+6
USSRKG
2016-06-20 18:58:56
Дархан ОШТУ алмак катышканда
-3
new_hacker
2016-06-20 19:39:19
жакшы
0
Jyrgal_msk
2016-06-20 20:36:45
Ушинтип тундук-туштук болуп болунуп ойнобой эле койгулачы.Жон жерден катышпай калган жок.Же чакырылган жок.Себебин жазгыла.
0
bander
2016-06-20 21:56:12
Jyrgal_msk,Себеби 4 тур Ош шаарында болот деп айтылган болчу. Анткени ал жактан келшкн командалар саны 5, келип кетүү каражаты, 4 жолу келип кеткенде аябай көп ачка болот. Анан да ар бир клуб өз залында ойногусу келет. Федерациясы кайтадан Ошто болбойт деп коюшту, ошол себептен таарынуу болсо керек деп түшүнөм мен.
0
bakaiBBBB
2016-06-20 21:41:24
Иликтеш керек эмне себептен мындай мучулуштуктор болгонун тийиштуу орган же спорт жана маданият министрлиги коз салышы керек
0
jigitaly
2016-06-21 02:24:15
Oiyundu kaisyl jaktan korsok bolot
0
adisum
2016-06-21 03:39:53
Ысык-Кол Алгаааааааа! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан