Бишкек шаарында бүгүн, 21-июнда интернетти башкаруу боюнча биринчи Борбор Азия форуму өтөт. Форумдун башкы максаты – Борбор Азияда интернетти башкаруудагы көйгөйлөрдү талкуулоого бардык кызыкдар тараптарга ачык аянтча түзүү. Өкмөттөн билдиришкендей, иш-чаранын алкагында кибер коопсуздук темасындагы тегерек стол өтүп, интернет эркиндиги жана жеткиликтүүлүктү арттыруу маселеси талкууланат. Форумга биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, адистештирилген эл аралык институттардын жетекчилери, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү катышмакчы.
Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын 70 пайызы интернет байланышы менен камсыздалган.