Кыргызстандык спортчу Кытайдын Чэнду шаарында 8-14-апрель күндөрү өтө турган теннистин Futures түрү боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Айтылгандай, мелдешке 12 өлкөдөн 80 теннисчи чакырылган, алардын ичинде кыргызстандык Данияр Дулдаев да бар.