Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июнда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алды.
Жолугушууда Жунушалиева мамлекет башчыга онкология бөлүмү туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, аталган бөлүмдөгү негизги маселе дары жана дарыгерлердин жетишсиздиги менен байланышкан, ошондой эле балдарды дарылоо шартын жакшыртууга муктаж.
Алмазбек Атамбаев мамлекет ата мекендик медицинага жардам берүүнү кеңейтүүгө жана оор абалдагы балдардын дарылануусу үчүн керектүү шарт түзүүгө милдеттүү экенин белгиледи.
Мамлекет башчы Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн каржылык жактан колдоо максатында аталган бөлүмдүн башчысы Гүлнара Жунушалиевага 2 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.