Японияда 65 миңден ашуун адам АКШнын аскердик базасын кетирүү үчүн митингге чыкты

Японияда 65 миңден ашуун адам АКШнын аскердик базасын кетирүү үчүн митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Япониялыктардын толкундоосуна америкалык полиция кызматкери тарабынан 20 жаштагы Рина Шимабукуронун зордукталып, өлтүрүлүшү себеп болгон. Мындай окуяга япон эли кыжырданып, 65 миңге жакын адам “Америкалык полиция жоголсун!” деген ураан менен митингге чыккан.

Ушул эле нааразычылыктар менен Токиодо да толкундоолор орун алган.
"Учурда Oкинава аймагында 30 күнгө коменданттык саат киргизилип, спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынды", - деп жазылат маалыматта.

Oкинава аймагынын ортосунан орун алган базаны Япония бийлиги аралдын борборунан четке көчүрүүнү пландаган. Нааразы болгон митингчилер базаны толугу менен кетирүү талабын коюп жатышат.

Белгилей кетсек, Японияда 26 миң америкалык полиция кызматкери Окинава аймагынын калктуу конушунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
badboy1111
2016-06-21 13:36:56
Мына сагаа адамдардын патриоттуулугу, бир кыз зордукталса, 65 мин адам чыгыптыр, а бизде кунндо зордуктоо, олтуруу эч кандай чара коруу жок, ХХХ ХХХ ХХХ
+13
admin_portal
2016-06-21 14:44:36
badboy1111, провокацияга жол жок! 3 күн БАН!
-12
nemo2016
2016-06-21 13:46:25
Азаматсынар япондор
+5
admin_portal
2016-06-21 14:50:43
keba300989, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынат! 3 күн БАН!
-6
ALATOOLUK.JIGIT
2016-06-21 15:59:44
Улуттун жасалма эмес,руханий жактан патриоттуулугу деп там бердим,азаматсынар жапон эли!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан