Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык “Тез жардам” кызматынан билдиргендей, белгисиз аял жүрүп бараткан поездге өзүн таштап каза тапкан.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-июнь күнү саат 15:30 чамасында Л.Толстой жана С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Ошол жердеги күбөлөрдүн айтымында, 60-65 жаштардагы белгисиз аял жүрүп бараткан поездге өзүн таштаган. Анын кесепетинен ал ошол жерден каза тапкан.
Ал эми Ички иштер министрлиги каза тапкан жаран аял эмес, 1938-жылы туулган Г.Х. аттуу эркек адам экенин тастыктады.