SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жарамазан айтып келдик эшигиңе!" деген тема талкууга алынууда.
Теманын автору төмөнкү суроону койгон:
"Сиздин үйүңүзгө да жарамазан айтып келип жатышабы? Жарамазан айтып келгендерге эмне берип жатасыз?"
Темага жазылган жооптор:
"Жарамазан айтуу динде кандай каралат, сураныч, жооп берип коюңуздарчы... Биздин үйгө эки жолу айтып келишкен, күйөөм кууп жиберди, эч эле жактырбайт".
"Жарамазан кеч кирип калганда айтылат го... Азыр шаар жеринде кечти кеч дебей, күндүздү күндүз дебей айтып жүрүшөт. Бул нерсе жарамазандын баркын кетирүүдө. Мейли жаш балдар айтсын, бирок улуу муундагы агаларыбыз айтып жүрүшкөнүн көрүп жатабыз. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей, өздөрү билишет дечи. Бирок кээ бири кичи бизнес катары көрүп жатышкандай сезилет. Ошол көрүнүш мага жаккан жок".
"Жаш балдар айтып келип жатышат. Базардан комуз же башка музыкалык аспаптар менен улуу эле байкелердин жарамазан айтканын да көрдүк. Үйгө келгендерге көбүнчө жер-жемиш, акча беребиз. Аларды жөн кетирбей "батасын" алабыз".
"Жарамазан исламда жок, бирок кыргызда бар, ошондуктан айтылат. Илгери кедей-кембагалдар Орозо айында жарамазан айтып жан багышкан экен".
"Жарамазан айтып келип батасын беришет. Азыр жаш балдар айткан жарамазандын соңунда берилүүчү батаны жаттап алдым.
"Бата-бата, дин-дин,
Малың болсун миң-миң.
Корооң толгон кой болсун,
160 бээң болсун.
Отурганың килем болсун,
Айдаганың Мерседес болсун!
Оомийн!" дейт экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.